ЖМКларга жана ММКларга БИЛДИРҮҮ!

15.01.2023

Wastenet.kg бизнес тармагы жоопкерчиликтүү керектөө жана таштандыларды башкаруу темаларын мыкты чагылдыруу үчүн Медиа Сынак жарыялайт.

Конкурстун максаттары:
 ♻Кыргызстандын калкынын жана чечим кабыл алуучу адамдардын, ар кандай тармактардын уюмдарынын жоопкерчиликтүү керектөө жана калдыктарды башкаруу маселелерин түшүнүүнү жакшыртуу;

 ♻ жоопкерчиликтүү керектөө жана калдыктар менен булганууну азайтуу, ошондой эле таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү, айланма экономикага байланышкан темалар боюнча медиа контенттин санын жана сапатын жогорулатуу.

Конкурска катышуунун шарттары:
Сынакка штаттагы жана штаттан тышкаркы журналисттер, кабарчылар, республикалык жана жергиликтүү басылмалардын фотосүрөтчүлөрү, телерадиокомпаниялардын, маалымат агенттиктеринин, интернет ресурстарынын жана платформаларынын кызматкерлери, ошондой эле блоггерлер жана жарандык активисттер жана башка контент жаратуучулар катыша алат. 

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

 ♻мыкты видео материал
 ♻мыкты радио материал/подкаст
 ♻мыкты басылма материал
 ♻калдыктарды бөлүштүрүүдөгү аялдардын лидерлиги

2022-жылдын 1-сентябрынан 2023-жылдын 10-мартына чейин жарыяланган материалдар каралат.

Сынакка катышуу үчүн 2023-жылдын 10-марты, 18:00дөн кечиктирбестен төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек:

 ✅https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSf3XqS8Yh1OUzLyDq3DcpByd2mZG7ybsTwVVs2L4C142Aki9A/viewform шилтеме аркылуу толтурулган арыз

 ✅ КОНКУРС ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ https://drive.google.com/file/d/1cquwAjE_vqd60phV7SNts0NLMLZp-N-e/view шилтемеден таанышууга болот.

МӨНӨТҮ 10-март, 2023-жыл

Кыргыз Республикасындагы жоопкерчиликтүү керектөө жана таштандыларды башкаруу маселелерин мыкты чагылдыруу үчүн медиа-сынак The Coca Cola Foundation Глобалдык Фондунун колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы Таштандыларды башкаруу боюнча Wastenet.kg бизнес тармагы тарабынан уюштурулууда. Тармактын оператору -  ESG Central Asia Агенттиги.