Эко-паспорт иштеп чыгуу боюнча жарыя
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ишкананын өндүрүшүнүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин деңгээлин аныктоо үчүн экологиялык паспорт жана уруксат кагаздары болушу зарыл.
Чарбалык жана башка ишмердиктин объектилеринин экологиялык паспорту – бул ишкана жөнүндө, ишкананын ресурстарды пайдалануусу (табигый, экинчи жана башка) жөнүндө маалыматтарды камтыган ченемдик-техникалык документ.
WasteNet.kg тармагы таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү секторундагы ишканалар үчүн экологиялык паспортторду иштеп чыгууну биргелешип каржылоодо (50%) колдоо көрсөтүүгө даяр.
‼️Кыргызстандын аймагында иштеп жаткан таштандыларды башкаруу тармагындагы тандалган 10 гана ишкана техникалык колдоо ала алат!
Буга байланыштуу 2023-жылдын 10-январына чейин wastenet.office@gmail.com электрондук даареке экологиялык ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен арыз жөнөтүңүз.
Эскертүү: экологиялык паспорт Кыргыз Республикасындагы колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде иштелип чыгат. Калдыктарды башкаруу чөйрөсүндөгү ишканалар документтерди иштеп чыккандан кийин корутунду алуу үчүн өзүлөрү документтердин долбоорлорун ишкана жайгашкан жердеги айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу аймактык органга макулдашууга беришет.